Каспий деңизинде өлкөнүн аскер-деңиз күчтөрү күжүрмөн даярдыгын бекемдеп, окуу-машыгуу өткөрүп жатат. Комплекстүү машыгуунун биринчи күнү атайын берилген тапшырмаларды мыкты аткарган суучулдар даярдалды. Толук жабдылган атайын топ деңизге 8 метр тереңдикке чөмүлдү. Милдети - шарттуу душмандын мизин кайтарып жок кылуу. Атайын күчтөр белгиленген объектиге жашыруун жетип, жолдогу тоскоолдуктарды жеңип өтүү талабы коюлду.
Заманбек Бактыгереев, суучулдар ротасынын ага матросу:
-Эң негизгиси, биринчи иретте турган объектиге жетүү. Биз
күнү-түнү каалаган тапшырманы аткарууга ар дайым даяр болушубуз керек.
Деңиз аскерлеринин катарына экинчи күнү десантчылар
да кошулушту. Алар куралдуу топ басып алган кемени ылдам кайык менен кууп жетти. Коопсуз аралыкта
суучулдар тобу сууга киришти. Алар кемеге жашыруун сүзүп келип, палубага көтөрүлдү. Андан ары кабиналарды аралап, ар бир жерде жашынган карлышаштын көзүн жок кылды. Кийинчерээк деңиз
мунай мунарасын душмандардан бошотту.
Кулаган кеменин экипажына десантчылар да жардам беришти.
Сакен Бекжанов, аскер-деңиз күчтөрүнүн башкы кол башчысы:
-Каспий деңизинин казакстандык бөлүгүндөгү Транскаспий
коридорунда кеме жана деңиз чарбалык ишмердүүлүгүн коргоо максатында деңиз
күчтөрүнүн командалык-штабдык машыгуулары өтүүдө. Бул тактикалык жыйындын жүрүшүндө
колго түшүрүлгөн кемени жана мунай бургулоочу жабдыкты бошотуу жана тактикалык
аба-деңиз десантын учуруу маселелери иштелип чыкты. Командалык-штабдык
машыгуунун алдына коюлган бардык тапшырмалар аткарылды.
Тактикалык окуу-машыгуулар тогуздун айында жыйынтыкталат.
Анда алты айда үйрөнгөн күжүрмөн бөлүктөрдүн душманга сес көрсөтүү
жөндөмдүүлүгү бааланат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков.