«Алтынемел» улуттук жаратылыш паркында сейрек кездешүүчү түркмөн жылкыларын алып келүү жана алардын санын көбөйтүү аракеттери көрүлүүдө. Тиешелүү адистер республиканын эки облусуна 60тан ашык жапайы жаныбарларды жеткирип, жаратылышка кайтарышты. Куландар өлкөнүн Кызыл китебине кирип, жок болуп кетүү коркунучунда турган сейрек кездешүүчү жаныбарлардын катарына кирет. Казакстанды мекендеген жапайы куландардын түрү өткөн кылымдын 30-жылдарында толугу менен жок болуп кеткен деп эсептелет. Буга адам фактору, мергенчилик жана үй жаныбарлары менен жайыт атаандаштыгы таасир эткен. Окумуштуулар куландардын реинтродукциясы долбоорун колго алып, 1953-жылы Арал деңизиндеги Барсакелмеске Түркмөнстандан 11 куланды алып келишкен. Бирок Арал деңизи тартылып, суудагы туздун көлөмү көбөйгөндөн кийин жылкы тукумдуу жаныбар туздуу сууну иче албай калат. Ошондуктан куландарды Алтынемел улуттук паркына алып келишет. Жетису аймагында куландын саны көбөйүп, азыркы учурда 4 миңге жакындап калды.
Асет Алимбек, Алтынемел мамлекеттик улуттук жаратылыш паркынын капчыгай токой чарбасынын бөлүм башчысы:
Бул жаныбарларды көндүрүү максатында Алтынемел улуттук паркынан башка коруктарга куландар алынып келинүүдө. 2017-жылы «Алтын Дала» коругуна 9, ал эми 2022-жылы 4 баш кулан алынган. 2022-жылдын тогуздун айында биздин Алтынемел улуттук жаратылыш паркынан, Иле-Балкаш коругуна көчүрүү максатында 60 баш кулан алынып келинген.
Куландар азыр өлкөнүн эки облусунда жашашат. Түштүк Балкаш аймагында жана Улытау облусундагы «Алтын дала» коругунда. Аларды көндүрүүнүн эң татаал этабы түштүктөн Алтын дала коругуна алып келүү экенин адистер айтышат.
Асет Алимбек, Алтынемел мамлекеттик улуттук жаратылыш паркынын капчыгай токой чарбасынын бөлүм башчысы:
Эми бул куландарды үйрөтүү максатында алып кетүү үчүн камаздарга өзүнчө жыгач жашиктерге бөлөк-бөлөк кылып жүктөйбүз. Ал эми азыр «Алтын Дала» коругу алыс болгондуктан ал жакка вертолет менен алып барышууда.
Казакстандын биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо ассоциациясы туруктуу түрдө көбөйтүү үчүн, Торгай талаасына дагы 80 кулан алып барууну пландоодо .
Которгон: Илгиз Жамалбеков