ATP 250 Astana Open: Белгилүү оюнчулар Астанада күйөрмандар менен жолугушууда

Борбор калаада теннис боюнча эл аралык турнир уланууда. Astana Open ATP 250 алкагында негизги оюндардан тышкары Star-программасы уюштурулду. Белгилүү оюнчулар мелдештен тышкары күйөрмандар менен жолугуп, кол тамга калтырышты. Теннис күйөрмандары дүйнөгө белгилүү спортчулар менен сүрөткө түшүп, өз суроолорун беришити. Ошондой эле, тармактык адистердин мастер-класстарына катышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мисалы, ATP рейтингинде 81-орунда турган Доминик Тим менен жолугушууга көптөгөн күйөрмандар чогулду. Муну менен катар дүйнөнүн алдыңкы теннисчилери Астанадагы көчөт отургузууга катышып, аутизм борборуна барууну мерчемдеп жатышат. Масштабдуу иш-чара учурда  дүйнөлүк маалымат каражаттарынын көңүл чордонунда. Бүткүл дүйнө көз салып турган эл аралык мелдеш 40 өлкөдө 80 эл аралык жана 5 казакстандык телеканалдан көрсөтүлүүдө.

Дмитрий Савчук, турнирдин мүдүрү:
-Бүгүн турнирдин үчүнчү күнү. Шейшемби жана шаршемби күндөрү тандоо турлары өттү. Кечээ анын жыйынтыгын чыгарып, негизги оюндарды баштадык. Бүгүн алгачкы айлампа уланат. Манарина менен Ваврика өз ара кездешет. Мындан тышкары жуптук беттеште Тим менен Недовесов өнөр көрсөтөт. Андыктан бүгүнкү жарыш күнү абдан кызыктуу болорунда шек жок. Айта кетсек, чет өлкөдөн 150дөн ашык катышуучу келген. Булардын катарында спортчулар жана алардын машыктыруучулары бар. Көрүүчүлөрдүн саны да көп. Маселен, кечээ оюндарды көрүү үчүн 2 миңден ашык адам келди. Жыйынтыктоочу мелдеш жакындаган сайын күйөрмандардын саны артууда.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков.