Нур-Султанда жаңы экологиялык транспорт пайда болду

Нур-Султанда жаңы экологиялык транспорт пайда болду

Казакстандын борбору «жашыл» шаар жана заманбап экологиялык таза жашоо образын колдойт. Тактап айтканда, экологиялык таза унааларды колдонууда үлгү көрсөтүп жатат. Борбор калаада эко-автобустар, полиция унаалары жана ижарага берилүүчү велосипеддерден тышкары, электросамокаттарды ижарага берүү да колго алынды. Алар шаардын айлана чөйрөсүн жакшыртып гана тим болбостон, унаа тыгынын азайтууга да өбөлгө түзөт. Электр самокатты колдонуу өтө оңой. Болгону тиешелүү тиркемени жүктөп, каттоодон өтүп, өзүңүздүн төлөм картаңызды байланыштыруу кажет. Андан кийин эки дөңгөлөктүү унааны алып, QR-кодун сканерлеп, сапарды баштайсыз. Азыркы учурда самокаттар жана велосипеддер үчүн атайын токтотуучу жай жок. Бирок жакында ишке берилери күтүлүүдө.

Бүгүнкү күндө борбордун оң жана сол жээгинде 200 электр самокат ижарага берилет. Жакынкы күндөрү алардын саны эки эсеге көбөйөт. Жыл аягына чейин аны 1000ге жеткирүү мерчемделген. Ал эми баасына келсек, ал мүнөтүнө 30 теңгеден 35 теңгеге чейин.

Белгилей кетсек, учурда иштеп чыгуучулар тарифтик пландардын үстүндө иштеп жатышат.

Габиджан Истамбеков, «Astana Invest» башкы менеджери:

- Бул самокаттар экологиялык таза, альтернатива транспорту болуп саналат. Операторлор тутумду толук көзөмөлдөп турушат. Алар транспорттун кайсыл жерде жана кубаттуулугунун деңгээли кандай экенин көзөмөлдөй алышат. Эгер аны кубаттоо керек болсо, мобилдик топ барып, тиешелүү түрдө самокатты алмаштырат. Түзмөктөр GPS тутуму менен жабдылган. Транспорт уурдалган учурда, ал дароо кулпуланып, иштебей калат.

Ошондой эле, электр самокаттарын башкаруу учурунда жол кыймылы эрежелерин унутпоо керек. Шаардык полиция транспортту 16 жаштан жогору адамдар гана колдоно аларын эскертет. Алар велосипед жолу менен гана жүрүшү керек. Эгерде атайын жол жок болсо, жолдун оң тарабына чыгып жүрүшү зарыл. Ошондой эле, рулду кармабай жүрүүгө, жүргүнчүлөрдү же жүктөрдү ташууга тыюу салынат. Жарандар өз коопсуздугу үчүн атайын баш кийимдерди, тизе- чыканактарды коргой турган атайын шаймандарды колдонушу керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков