Комикс, тасмалар, видео оюндар жана аниме. Төрт жылдан кийин дүйнөгө тараган гик маданияты Казакстанда кайрадан жолугушту. Бүгүн Comic Con Astana эл аралык фестивалы башталды. Жакынкы үч күндүн ичинде бул тармактын күйөрмандары дүйнөгө белгилүү болгон өнөр жылдыздары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Мисалы, «Галактиканын сакчылары» жылдыздары Шон Ганн жана Майкл Рукер, «Фантастикалык жырткычтар» тасмасынын актёру Александр Кузнецов сыяктуу дүйнөгө белгилүү адамдар менен таанышууга мүмкүнчүлүк болду. Акыркысы биздин каналга берген эксклюзивдүү маегинде ата мекендик кино өндүрүшүнүн деңгээлин жогору баалай турганын билдирди.
Александр Кузнецов, актер, Сomic Сon
Аstana хедлайнери:
-Бул жерде «Баксы» сериалынын тартылышына 6 ай катыштым. Жергиликтүү
актерлордо жана операторлордо, режиссёрлордо көпчүлүктө жок сапаттарды көрдүм.
Айрыкча алардан чынчылдык жана аныктык жагынан үйрөнө аласыз. Сиздин жайгашкан
жерлериңиз абдан реалдуу. Табияты Исландиядай, чыгышта гана. Эмнени кааласаң тартсаң болот. Мындай
артыкчылыкты дүйнөгө таанытуу керек.
Бул жерден дүйнөгө белгилүү көптөгөн комикстердин, улуттук уламыштардын каармандарын жана казак баатырларын кезиктирүүгө болот.
Фестивалдын алкагында косплей сынагы өткөрүлөт. Ага катышуу үчүн 3 миңге жакын арыз түшкөн. Квалификациялык мезгилде 150сү гана сынактан өтүүгө мүмкүнчүлүк алды. Алардын дээрлик жарымы сүйүктүү каармандарын ойноо үчүн чет өлкөдөн келишкен. Жалпы байге фонду 10 миллион теңгени түзөт.
Тарын — Италиянын косплейери, калыстар тобунун мүчөсү:
-Катышуучулар жөнүндө эмне айта алам? Мага баары жакты. Айрыкча энергиялуу
жаштардын артисттик чеберчилиги мени таң калтырды. Мындай чоң аудиториянын
алдында чыгуу оңой эмес. Ар ким колунан келгенин жасады. Демек, алардын ичинен
эң мыктысын гана тандоо кыйынга турганы анык.
Быйылкы программанын дагы бир жаңылыгы – аниме менен мангадан тарта J-Pop жана K-Popго чейинки заманбап Азия маданияты бир тематикалык көргөзмөгө бириктирилген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков