Белгилүү казак жазуучусу жана коомдук ишмер Кемел Токаевдин «Өзгөчө тапшырма» аттуу китеби Азербайжанда тааныштырылды. Чыгарманын бет ачары Баку Эл аралык китеп көргөзмөсү менен ачылды. Азербайжан тилине которулган окуя согуш жана коргоочу жоокерлердин баатырдык күрөшү жөнүндө баяндайт. Китептин чыгарылышын Түрк маданият-мурасы фонду уюштурган. Белгилей кетсек, Кемел Токаев казак адабиятында детективдик жанрдын негиздөөчүлөрүнүн бири. Жазуучу Түрк маданиятынын жана сөз өнөрүнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон. Эске салсак, өткөн жылы Кемел Токаевдин «Түнкү атышуу» повестинин жыйнагы азербайжан тилинде да сунушталган.
Актоты Раимкулова, Түрк маданият-мурасы фондунун президенти
– Белгилүү казак жазуучусу жана коомдук ишмер Кемел Токаевдин «Түрк адабиятынын берметтери» сериясындагы «Өзгөчө тапшырма» китеби фонддун кезектеги басылмасы болуп саналат. Кемел Токаев жазуучулуктан тышкары журналистика менен алектенип, Казакстандын маданий жана социалдык маселелерин чагылдырат. Бул басылма фонддун көрүнүктүү жазуучунун бай чыгармачылыгын изилдөөгө кошкон салымы болуп саналат жана анын адабий мурасын жайылтууга кызмат кылат. Мен китеп келечек муундар үчүн маанилүү булак болуп калат деп ишенем.
Которгон: Илгиз Жамалбеков