Ирандагы фестивалда казакстандык тасма сыйлыкка ээ болду

Ирандагы фестивалда казакстандык тасма сыйлыкка ээ болду

Ирандагы 14-эл аралык спорттук тасмалардын фестивалында Казакстандын «Алга» киносу 2 сыйлык алды. «Мыкты режиссер» номинациясында Ернар Нургалиев, ал эми «экинчи пландагы эркектин мыкты ролу» номинациясында Ерик Жолжаксынов жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу Маданият жана маалымат министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. «Алга» - атасы каза болгондон кийин кылмышкерге айланган бир туугандар тууралуу баяндаган тасма. Бирок, алардын айылына таланттуу жаштарды тандап алуу үчүн жеңил атлетика боюнча машыктыруучу келип, жашоолоруна өзгөрүү алып келет. Алардын бири марафонго чуркоо боюнча дүйнө чемпиону менен таймашка түшөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков