Казакстанда Армениянын маданият күндөрү башталды. Алардын ачылыш аземине Касым-Жомарт Токаев жана Ваагн Хачатурян катышты. Президенттер салтанаттуу концертке күбө болушту. Калибек Куанышбаев атындагы Казак улуттук музыкалык драма театрынын сахнасында Армениянын мамлекеттик Джаз оркестринин жана искусство чеберлеринин Инга Аршакян, Гор Суджяндын аткаруусунда дүйнөгө белгилүү армян композиторлору Комитас, Чарльз Азнавур, Жорж Гарвардец жана Арно Бабажаняндын чыгармалары жаңырды. Ошондой эле президенттер Улуу армян кинорежиссеру жана сүрөтчүсү Сергей Параджановдун 100 жылдык мааракесине арналган сүрөт көргөзмөсүн көрүп чыгышты. Белгилей кетсек, бул күндөрү Астанада армян киносунун жумалыгы өтөт. Ал эми «Амазгаин» театры борбор калаанын тургундарына Даниил Хармстын чыгармаларынын негизинде түзүлгөн «Лю-Беф» спектаклин коюшат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков