Казакстан ири IT-компаниялар менен 10 миллиард долларлык келишимдер топтомун бекитти

Казакстан ири IT-компаниялар менен 10 миллиард долларлык келишимдер топтомун бекитти

Казакстандын өкмөтү дүйнөлүк Ай-Ти гиганттары менен 10 миллиард долларлык келишимдер топтомуна кол койду. Казакстан Республикасынын премьер-министри Олжас Бектенов NVIDIA вице-президенти Рев Лебаредян жана Firebird компаниясынын тең негиздөөчү башкы мүдүрүлөрү Размик Овакимян жана Александр Есаян менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө улуттук AI-инфраструктураны өнүктүрүү, анын ичинде жогорку кубаттуу эсептөө мүмкүнчүлүктөрүн түзүү, заманбап маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун жайгаштыруу жана эл аралык технологиялык өнөктөштөрдү тартуу маселелери талкууланды. Келишимдер жасалма интеллектти, булуттук технологияларды, жаңы муундагы санариптик кызматтарды киргизүү үчүн технологиялык базаны камтыган «Маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорунун өрөөнү» долбоорун мындан ары ишке ашырууга негиз түзөт. Долбоордун биринчи этабы 2027-жылы ишке ашырылат.


Размик Овакимян, Firebird компаниясынын тең негиздөөчүсү жана башкы мүдүрү:

– Президенттин 2026-жылды «жасалма интеллект жылы» деп жарыялоосундагы алдын ала көрөгөчтүгүн белгилегим келет. Казакстанга биринчи жолу келгенибизде, өлкөнүн амбициялары, билими жана таланты дүйнөлүк деңгээлде экендиги бизге абдан тез эле түшүнүктүү болду. Бүгүнкү күндө жасалма интеллекттин алдыңкы эсептөө кубаттуулуктарына, таланттарды өнүктүрүүгө жана инновациялык экосистемаларга инвестиция салып жаткан өлкөлөр эртеңки күндүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн калыптандырышат. 2027-жылы ишке кириши Казакстанды дүйнөдөгү алдыңкы он өлкөнүн бирине айлантат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков