«Казпочта» жогорку технологиялык кампа ачат

«Казпочта» жогорку технологиялык кампа ачат

«Казпочта» Алматыда аянты 40 миң чарчы метр болгон жогорку технологиялык кампа ачат. Объект евразиялык мейкиндиктеги негизги транзиттик хаб болуп, Кытайдан Евробиримдикке, ЕАЭБге жана Борбордук Азия багыттары боюнча Казакстандын дараметин жогорулатат. Жалпылап айтсак, өткөн жылдын аягында ишкананын кирешеси арткан. Уюм 32 миллиард теңгеден ашык салыктарды жана жыйымдарды төлөгөн. Акыркы бир жылда «Казпочта» аркылуу жөнөтүлгөн жүктөрдүн көлөмү 35% өстү. Ал эми өлкө ичинде жеткирүү ылдамдыгы эки эсеге артты. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаевге башкармалыктын төрагасы Асел Жанасова билдирди.


Которгон: Илгиз Жамалбеков