Казакстанда алгачкы жолу биологиядан эң беделдүү эл аралык олимпиада өтөт

Казакстанда биринчи жолу биология боюнча эң беделдүү эл аралык олимпиада өтөт. Сынак эки турдан турат. Теориялык жана практикалык. Тапшырмалар клеткалык жана молекулярдык биология, анатомия, генетика жана адам менен жаныбарлардын физиологиясына байланыштуу болот. Белгилей кетсек, «IBO» олимпиадасы дүйнөдөгү эң алдыңкы 7 мелдештин катарына кирет. Казакстандык окуучулар бул олимпиадага 28 жылдан бери үзгүлтүксүз катышып келишет. Бул мезгилдин аралыгында алар ар кандай даражадагы 70-тен ашык медалга ээ болушту. Бул жыйынтыкты эске алып, эл аралык уюштуруу комитети 35-дүйнөлүк мелдешти Астанада өткөрүү чечимине келди. Өкмөттө Олимпиаданы уюштуруу маселеси талкууланды. Эл аралык биология олимпиадасына дүйнөнүн 80 өлкөсүнөн 500дөн ашык окуучулар жана мугалимдер катышат. Мелдештин жүрүшүндө катышуучуларга 80 ыктыярчы көмөк көрсөтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков