Казакстандын
президенти өлкөнүн эң эски медиа каражаттарынын бири – Kazinform
эл аралык маалымат агенттигин 105 жылдык мааракеси менен куттуктады. Касым-Жомарт
Токаев «Казинформдун» атамекендик тарыхтын жылнаамасындагы,
реформаларды алдыга жылдыруудагы жана Казакстандын чет өлкөлөрдөгү имиджин
калыптандыруудагы өзгөчө ролун белгиледи. Мааракеге карата агенттиктин чоң
медиа жолунун этаптарына арналган даректүү тасма жана китептин бет ачары болду.
Майя
Бекбаева – журналист, тасманын
автору:
- Бизге бул трансформацияны, бул бүткүл
тарыхый жолду көрсөтүү абдан маанилүү болду, анткени Казинформдун жолу бул,
негизинен, Казакстандын жолу. Бүгүн биз Казинформду Президенттин
Телерадиокомплексине кирип, кеңейип жатканын таптакыр башкача кырынан көрүп жатабыз. Бүгүнкү
күндө бул дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү менен меморандумдарды түзүп, кабарчылары
да дүйнө жүзү боюнча иштеген эң ири эл аралык агенттик.
«Казинформ» заманбаптык менен тең тайлашып келет.
Алардын жарыялары жөн гана текст жана кадрлар эмес. Бул видеоматериалдар,
инфографика, социалдык тармактарда активдүү берүүлөр. Дүйнө жүзүндөгү
окурмандар казак тилинде, анын ичинде латын тамгаларында, орус, англис, кытай
жана өзбек тилдеринде ыкчам жаңылыктарды реалдуу убакытта алышат. Күн сайын
"Казинформдун" сайты миңдеген актуалдуу өз материалдары менен
толукталып турат. Агенттиктин кеңири кабарчылык тармагы өлкөнүн бардык аймактарын камтыйт. Ошондой
эле чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдү да камтыйт.
Аскар
Джалдинов – Казакстан
президенти теларадиокомплексинин мүдүрүнүн орун басары:
- Казинформдун курамында мурда да, азыр
да өлкөдөгү эң мыкты журналист-кабарчылар иштешет, анткени биздин кабарчылар маалыматты иштете билет, башкача айтканда,
фактчекинг менен алектене алышат, анткени Казинформ дайыма эң ишенимдүү
маалымат берет.
Биз
сенсациянын артынан куубайбыз, биз чоң ылдамдыктын артынан куубайбыз, биз
дайыма тактык жана чындык үчүн турабыз, бул Казинформ үчүн эң негизги критерийи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

