Мындан улам аталган аймактарда суу каптоо коркунучу жогору. Коркунучту жоюу жана тобокелдиктерди болтурбоо үчүн дароо суу ташкындарына каршы чараларды көрүү керек. Мындай тапшырманы премьер-министр өкмөттүн жыйынында тиешелүү мекемелерге берди. Алдын алуу иш-чараларына карабастан, Абай, Актөбө, Атырау, Батыш Казакстан, Түркестан жана Павлодар облустарында бир катар үйлөрдү жана имараттарды суу каптады. Катаал мезгилдин кесепеттерин жоюуга үч жарым миңден ашык адам, 500дөн ашык техника, 300 сүзүү жана 300гө жакын суу бургуч шаймандар тартылган. Алихан Смаилов мындай абалга жол бербөө үчүн кезектеги суу ташкынына даярдыктарды алдын ала талдап чыгуу керектигин айтты. Ошондой эле өкмөт башчы кыштын камын жазда көрүп, келерки жылытуу мезгилине эрте даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков