Астанада инклюзивдүү коом түзүү
идеясынын жактоочуларынын башын бириктирген үчүнчү «Run for Autism» кайрымдуулук
марафону өттү. Спорттук иш-чарага 3 миңден ашуун адам катышты. Марафонго
Алматы, Караганды, Павлодар, Жаңаөзен, Жезказган, Орал жана Петропавл
шаарларынан келгендер да болду. Ал тургай Лондондо, Москвада, Стамбулдан да колдоочулар
табылды. Иш-чараны өнөктөштөрдүн колдоосу менен «Болашак» корпоративдик фонду
уюштурду. Максаты-коомчулукка Аутизм тууралуу көбүрөөк маалымат берүү. Сергек
жашоо образын жайылтуу, өзгөчө муктаждыгы бар балдарды колдоо жана алардын
жашоо сапатын жакшыртуу. Кайрымдуулук акциясынан чогултулган каражат инклюзияны
колдоо кеңселерин ачууга жумшалат.
Линара Гаплан, «Болашак» фонду камкорчулук кеңешинин
төрагасы:
- Жарышка өзгөчө муктаждыктардан
тышкары угуусу начар 20 жаран катышат. Шал оорусу барлар дагы бар. Мындан
тышкары, чет элдик компаниялар жана дипломатиялык миссиянын өкүлдөрү да жарыш
жолуна чыкты. Бир сөз менен айтканда катышуучулардын саны өсүп жатат. Анткени
көптөр мындай иш-чараны колдогусу келет.
Елдос Иманбаев, Марафондун
катышуучусу:
- Биз бул иш-чарага экинчи жолу
катышып жатабыз. Ушул сыяктуу иш-чаралар коомчулуктун көңүлүн ушул темага
бурат. Өзгөчө балдары бар, өзгөчө балдарды тарбиялап жаткан ата-энелердин
колдоосу. Менин оюмча, мындай иш-чаралар жөн гана спорт эмес, алар таанышып,
чогуу ырахат ала турган жер деп эсептейм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

