Окуучулар желимден фреон жасоо ыкмасын ойлоп табышты

Окуучулар желимден фреон жасоо ыкмасын ойлоп табышты

Казакстандык окуучулар желимден фреон жасоонун жолун табышты. Илимий долбоор Парижде өткөн «IGEM» генетикалык-инженердик машиналар сынагында мыкты аталды. Шымкенттик жаш окумуштуулар беделдүү эл аралык сынактын тарыхында биринчи жолу жеңишке жетип, үч аталма боюнча алдыга озуп чыкты. Жалпысынан эл аралык мелдешке 66 өлкөдөн 350дөн ашык команда жана 7 миң окуучу катышты. Бул 30 окуучунун биргелешкен натыйжасы. Жамааттык ойлоп табуу дагы да жакшыртылууда.  Бардык сыноолор коопсуздук үчүн лабораторияда гана жүргүзүлөт. Ар кимдин аткара турган милдети бар. Бири химиялык элементтерди изилдесе, экинчиси тажрыйбаларды жүргүзөт. Кээ бирлери компьютердик код жасайт. Жалпы иште бириге билген таланттуу жаштар желим калдыктарын генетикалык жактан модификацияланган бактериялардын жардамы менен майдалоонун уникалдуу ыкмасын ойлоп табышты. Окуучулардын  бул жаңылыгына ата мекендик бир катар ишканалар кызыгып жатышат.

Канат Баймомынов, окуучу:
- Бардыгына белгилүү инсулин гормонун алалы. Биз аны микроорганизмдерден синтездейбиз. Анын курамында плазмиддер бар - алар көбүнчө тегерек эки чынжырлуу ДНК молекуласы катары каралат. Синтетикалык молекулалардын мутация жолу аркылуу, биз тайпабыз менен желимди кайра иштетүү ыкмасын таптык. Биз бул долбоордун үстүндө эки жыл эмгектенип, андан кийин фреон чыгарууну баштадык. Изилдөөбүздү уланта берүүнү мерчемдеп жатабыз жана жакынкы арада долбоорду ишке ашырабыз.

Жанна Утебаева, биология мугалими:
- Жыйынтыгында фреон суюктугун колдонсо боло турганын көрсөттүк, аны кондиционерлерге жана муздаткычтарга куйса болот. Биздин эмгекке кызыгуу арткан заводдор чыгып жатат. Пайдалуу өнүмдү кеңири жайылтуу максатында, долбоор толугу менен ишке ашкандан кийин биз биореакторду ишке кошууну пландап жатабыз.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков