Казакстанда минералдык жер семирткичтер өндүрүшү артып келет

Казакстанда минералдык жер семирткичтер өндүрүшү артып келет

Казакстанда жер семирткичтерди өндүрүү артууда.  Ошол эле учурда сапатка да көңүл буруу зарыл. Маселен, бир гана жамбылдык дыйкандар эгин талааларын минералдык заттар менен байытуу үчүн 1 миллиард 400 миллион теңгелик өнүмгө буйрутма берген. Тараздагы өндүрүш борборлорунун бири былтыр жергиликтүү дыйкандарга 4 миң тонна, быйыл 7 миң тонна жер семирткич жеткирген. Ишкана быйылкы жылы өндүрүлгөн онүмдүн көлөмүн көбөйтүүнү пландап жатат. Эскерте кетсек, мамлекет башчы калкка болгон кайрылуусунда агрардык өлкө импортко көз карандылыктан арылып, анын өндүрүшүн көбөйтүүгө артыкчылык берүү керектигин айткан. Бул үчүн жергиликтүү өнүмдүн үлүшү жогору болгон өндүрүштүк комплексти түзүү абдан маанилүү милдет деп белгиледи президент.

Агадил Байузаков, өндүрүш бөлүмүнүн башчысы:
- Жылдык кубаттуулугубузду быйыл миллион тоннага чыгарабыз деп турабыз. Жер семирткичтерге жана тоютка кошулуучу трикальций фосфатын, өзүбүздүн  айыл чарба өндүрүшүн көбөйтүп жатабыз,  ал экспортко да чыгарылып  жатат.

Шакир Момынкулов, Айыл чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары:
- 2023-жылы 54 миң тоннадан ашык жер семирткич алуу көздөлгөн. Бул программа мамлекет тарабынан эрежелердин талаптарына ылайык үй чарбалары тарткан чыгымдардын элүү пайызын кайтарып берүү менен колдоого алынат. Бүгүнкү күндө жергиликтүү бюджеттен 1 миллиард 71 миллион теңге бөлүнгөн.


Которгон: Илгиз Жамалбеков