Еврокомиссия Казакстандын аба мейкиндигинде коопсуздуктун жакшырганын атады

Еврокомиссия Казакстандын аба мейкиндигинде коопсуздуктун жакшырганын атады

Европа Комиссиясы Казакстандын аба мейкиндигинде коопсуздук жакшырганын жана өлкөнүн авиакомпанияларын Европа Биримдигинде учууга тыюу салынган кара тизмеге киргизүүгө эч кандай негиз жок деп билдирди. Алматыга жакын жердеги «Bek Air» авиакырсыгына байланыштуу тынчсыздануусун билдиргени менен, бүгүнкү күндө Европа Комиссия өкүлдөрүнүн Казакстандагы авиацияны жөнгө салуучу органдарга доосу жок.

«Европа Комиссиясы Казакстандын өлкөдө учуу коопсуздугун жакшыртууга багытталган олуттуу аракеттерди жана бир катар өзгөрүүлөрдү кабыл алгандыгы тууралуу жыйынтык чыгарды. Бүгүнкү күндө Казакстандын жетишкендиктерин таанып, Европа Комиссиясы кырдаалдын мындан аркы өнүгүүсүнө байкоо жүргүзүүнү жана баалоону улантат. Буга байланыштуу, комиссия EASA жана Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин жардамы менен Казакстанга сапар уюштурмакчы», – деп айтылат маалыматта.

Которгон: Илгиз Жамалбеков