Казактын тазы тукумунун көргөзмөсү өттү

Казактын тазы тукумунун көргөзмөсү өттү

Тазы тукумунун 50 ити Казакстандын кинологдор союзунун бирдиктүү маалымат базасына киргизилет. Актөбеде өткөн көргөзмөдө жети казынанын бири саналган асыл тукум иттердин ээлерине тиешелүү документ тапшырылды. Ал боюнча Эл аралык кинология федерациясынын алдындагы бардык көргөзмөлөргө катышууга болот. Көргөзмөдө жалпысынан 100 түрдүү тайган тааныштырылды. Анын ээлерине чыныгы тайган экенин далилдөө үчүн иттердин белгилүү бир стандартка жооп берерин тастыктоо талап кылынды. Алматы менен Астанадан чакыртылган серепчилер көптөгөн критерийлер боюнча жети казынанын бирин текшерди. Мисалы, денесинин формасы, тиштери менен тырмактары, өңү, жүнүнүн түрү, ал тургай кыймылы менен тукумунун тазалыгы да текшерилди.

 

Наталья Дровосекова, Эл Аралык Даражадагы Калыс:

- Биздин президентибиз улуттук асыл тукумубуз эл аралык деңгээлде таанылсын деген тапшырма бергенин билесиздер. Эл аралык кинология федерациясындагы азыркы макамыбыз - таанылбаган тукум. Бул, стандартыбыз жок жана Эл аралык кинология федерациясынын деңгээлинде жана башка да өлкөлөрдүн тукум китептеринде жокпуз дегенди билдирет. Ошондуктан бардык күчүбүздү ушул маселени чечүү үчүн жумшап жатабыз. Толук документтерди чогултуудабыз.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков