Женевадагы кадыр-барктуу көргөзмөнүн биринчи күнүндө казак тайгандары атайын сыйлыкка ээ болушту. Башкача айтканда, казактын таза кандуу иттеринин бири Швейцариядагы чемпионатка талапкер болуп калды. Эми бир тайган «ардагер» наамы менен тукумдун мыкты өкүлү деп табылды. Эл аралык калыстар казак иттеринин сапаттарына өзгөчө баа беришти. Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк төрт буттуулар таймашында 20дан ашык ит тукуму сыналууда.
Заза Омаров, FCI Эл аралык кинологиялык федерациянын серепчиси:
-Тайган - өзгөчө порода, ал көп көңүл бурууга татыктуу. Бир порода түрүнө окшош. Деген менен тайган касиеттери менен өзгөчөлөнөт. Абдан кызыктуу. Мага абдан жакты. Мен Казакстанга барганда бул породанын жакшы үлгүлөрү бар экенине ынандым. Эң негизгиси бул тукумду сактап калуу керек
Казакстан Эл аралык кинологиялык федерациянын толук укуктуу мүчөсү. Бул эл аралык уюмда биздин өлкөнүн өзүнүн үнү бар дегенди билдирет. Белгилей кетсек, «Швейцариялык Гран-при» бир катар сынактарга жол ачкан. Эми казак тайгандары баш оона айынын 27де өтүүчү World Dog Show 2023 Дүйнө чемпиондугуна катышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков