Дагы 155 казакстандык Украинадан мекенине кайтып келди

Дагы 155 казакстандык Украинадан мекенине кайтып келди

Казакстан Украинадан өз жарандарын эвакуациялоону улантууда. Төртүнчү репатриациялык рейс менен 155 жүргүнчү мекенине жеткирилди. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Катовицеден учкан учак бүгүн эртең менен борбордун эл аралык аэропортуна келип конду. Буга чейин Украинадан 432 казакстандык эвакуацияланган.

Бауыржан Игиликов, казакстандык:

- Бирдин айынын 28де жарык дүйнөгө келди. Атын Баатыр койдук. Чоң атасы ушундай кыйын заманда төрөлгөн чыныгы баатыр болсун деп Баатыр деп койду. Алматыдан болобуз. Баарыбыз кубанып турабыз.

Расул Тауекелов, казакстандык:

- Азыр ал жакта абал оор, кадимкидей кыйын, жарылуу болуп жатат. Биз колубуздан келишинче качып, бүгүн Польша аркылуу 6 саатта учуп келдик.

Киевдеги кырдаалдын курчушуна байланыштуу казак дипломаттары Львов шаарына көчүрүлүп, ал жакта ишин улантууда. Алардын жардамы менен 44 казакстандык жүк ташуучу унаа Украинанын аймагынан чыгарылды. Дагы 13 айдоочуга колдон келген жардам көрсөтүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков