Нур-Султанда атактуу корей сүрөтчүсүнүн уникалдуу көргөзмөсү ачылды

Нур-Султанда атактуу корей сүрөтчүсүнүн уникалдуу көргөзмөсү ачылды

Германия, Италия эми Казакстан! Борбор калаада сыя менен сүрөт тартуу чебери Пак Дэ Сонгдун «Түбөлүктүү» аттуу жеке көчмө көргөзмөсү ачылды. Чет элдик көрүүчүлөрдүн суктануусуна ээ болгон сүрөтчү Казакстанга өзүнүн 23 уникалдуу эмгегин алып келген. Автордун айтымында, көргөзмөгө анын акыркы убактагы чыгармалары коюлган. Белгилей кетсек, иш-чара Казакстан менен Корея Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына, ошондой эле 2022-2023-жылдарга эки өлкөнүн маданий байланыштары жылына карата уюштурулууда.

Пак Дэ Сонг, сүрөтчү/ Корея:

- Учурда ар кайсы өлкөлөрдө сапарым уланууда. Казакстандан кийин менин сүрөттөрүмдү АКШда көргөзмөгө коюу пландалууда. Мен сүрөт тартууга көп убакыт коротом. Мисалы, сиз көрүп жаткан сүрөттөр салыштырмалуу жакында эле тартылган. Көбүнчө саякаттан шыктануу алам. Мисалы, сиздердин өлкөдөн мен кечээ улуттук музейге бардым. Мындай өзгөчө жерлер мени кызыктырат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков