Мексикада «Агата» бороонунун кесепетинен пайда болгон сел жана суу ташкындарынан кеминде 11 адам каза болуп, 30дан ашууну дайынсыз жоголду. Шамалдын ылдамдыгы саатына 170 кмге жетип, ал океанда бийиктиги 6-8 метрге жеткен толкундарды пайда кылган. Циклон өлкөнүн бир нече штатына нөшөрлөгөн жамгыр алып келди. Аба ырайы жакынкы күндөрү дагы бузулушу мүмкүн дешет синоптиктер.
Педро Лопес, фермер:
- Бороон бир топ зыян келтирди. Жарык да, байланыш да жок. Суу үйлөрдү бузуп агызып кеткен. Албетте, калыбына келтирүү оңой болбойт.
Юстасио Лопес, жергиликтүү тургун:
- Ичерге суу жок. Өкмөттөн колдоо күтөбүз. Жабыркагандар тамак-ашка жана сууга муктаж. Кийим-кече, идиш-аяк жок.
Которгон: Илгиз Жамалбеков