Казакстандык мугалимдер Түркияда тажрыйбадан өттү

Казакстандык мугалимдер Түркияда тажрыйбадан өттү

Казакстандык 50 мугалим Түркиянын Бурса шаарында такшалмадан өтүштү. Алар педагогикалык инновациялар, жетишкендиктер жана көйгөйлөр боюнча илимий-практикалык конференцияга катышты. Мугалимдер жергиликтүү мектептерде болушуп, кесиптештеринин иштери менен таанышышты.

Ебубекир Армаган,  Жибек жолу эл аралык бирикмеси мүдүрлөр кеңешинин төрагасы:

- Түрк дүйнөсүнүн бардык кызматташтыгы эң жогорку деңгээлде болушу керек. Саясаттан билим берүүгө, экономикадан башка маанилүү тармактарга чейин. Бул жагынан алганда эки өлкөнүн билим берүү тармагынын өкүлдөрүнүн салыштырмалуу түрдө өткөн жолугушуусу жемиштүү болду.

Оразгүл Мухамеджанова, Физика сабагынын мугалими:

- Мугалимдердин билиминин мобилдүүлүгүн жогорулатуу, алардын көз карашын кеңейтүү, заманбап пикир алмашуу менен тажрыйба бөлүшүү максатында бул конференциянын жаш муундарды тарбиялоодо илимий, инновациялык, тарбиялык, адеп-ахлактык мааниси чоң экенин айткым келет.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков