Казакстандык дизайнерлер Парижде өткөн жогорку мода жумалыгына катышты

Казакстандык дизайнерлер Парижде өткөн жогорку мода жумалыгына катышты

Атайын тандалган «Чыгыш мода көргөзмөсү» аянтында көрүүчүлөргө Жибек Жолу жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн мода дизайнерлеринин өнөрү менен ысымдары тааныштырылды. Быйылкы сезондогу иш-чара 12 өлкөнүн дизайнерлеринин башын бириктирди. Алардын ар бири келгендерди өзгөчө кийимдери менен таң калтырды. Маселен, казакстандык дизайнер жана этнолог Ханым Айдаш өзүнүн байыркы түрк маданиятынын коллекциясын тартуулады. Кийимдерде көк түскө маани берилип, көп кылымдык тарыхы бар аксессуарлар – шөкүлөр менен салттуу оймо-чиймелер көрсөтүлдү.

Ханым Айдаш, дизайнер:

- Коллекция абдан назик. Ата-бабаларыбыз ат мингени менен эле чектелбестен, кыздарыбыз жеңил, назик, сулуу болгондугун жеткизгим келди. Биздин кыздардын назик образдары Парижге жакты деп ойлойм.

Сабина Вольская заманбап үлгүнүн элементтерин көрсөттү. Анын балдарга арналган кийимдери коноктордун өзгөчө баасына татыды. Ал эми иш-чарага катышуу үчүн келген кичинекей балдар, француз коомчулугунун көз жоосуна айланды.

Хинд Жудар, ORIENTAL FASHION SHOW негиздөөчүсү:

Эң сонун. Сахнада балдар кийим үлгүлөрүн көрсөтүү алгачкы жолу уюштурулуп, абдан жогорку деңгээлде өттү. Кичинекей бөбөктөр бул өнөр менен төрөлгөндөн бери эле алектенип келе жаткандай чоң таасир калтырды. Биз мындайды күткөн эмеспиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков