Карагандылык Евгения Шульц сөөккө оюу-чийме түшүрөт. Ал казактын байыркы кол өнөрүн жандандырган чебер. Этнодизайнер мурда эркектердин гана кесиби саналган өзгөчө ишти колго алган өлкөдөгү жалгыз аял. Анын колуна тийген сөөк байыркы тарыхтан кабар берген өзгөчө дүйнөгө айланат. Бул өнөрдүн түйшүгү көп. Зергердик тактык керек. Кыйгач кетсе морт сынып же жарылып эмгек текке кетет. Көчмөндөрдүн талаа маданиятынан шыктанган чебер бирден-бир буюм жасоого бир нече ай кетерин айтат. Евгения Шульц немис чеберлеринен таалим алган. Ошол топтогон тажрыйбасын ал азыр пайдага жаратып жатат. Сөөк менен мүйүздөн жасалган буюмдарын табигый таштар менен үндөштүрө жасалгалап, иштетет. Кийин алар менен идиштерди, боз үй менен эмеректерди кооздойт.
Евгения Шульц, Этнодизайнер:
- Сөөк менен иштөө
абдан кызыктуу, бирок көп күч-аракетти талап кылат. Адегенде кадимки сөөктү
алып, аны ар кандай химиялык кошулмалар менен жакшылап кайнатып алуу керек.
Аларды так өлчөп, керектүү өлчөмдө жана убагында кошуп туруу зарыл. Антпесе
бардык аракетибиз текке кетет. Андан кийин сөөктү жакшылап кургатып алабыз.
Даяр болгондо атайын шайман менен кесебиз.
Евгения он
жылдан ашык убакыттан бери кийизден сүрөттөр, кийим үлгүлөрү жана
аксессуарларды жасоо менен алектенет. Сүрөтчү азыр Республика күнүндө көргөзмө
өткөрүүгө кызуу даярданып жатат. Ал көпчүлүккө өзүнүн «Улуу талаа гимни» аттуу
иштер топтомун сунуштамакчы. Бирден-бир эмгектер көчмөндөрдүн турмушу, жашоо
образы жана казак элинин каада-салттарынан кабар берет.
Дия Ержанова,
Караганды шаарынын тургуну:
- Евгениянын колунан чыккан ар бир
буюмунун кооздугу көздүн жоосун алат. Анын чыгармалары кайталангыс. Казак
элинин өз тарыхы менен тыгыз байланыштуу. Этнодизайнердин табигый таланты менен
кыялынын учкулдугуна суктанам.
Анын чыгармалары чет өлкөдө да таанымал. Сөөк жана
кийизден жасаган буюмдары АКШ, Франция жана Германияда суроо-талапка ээ. Ал
келечекте чет өлкөдө жеке көргөзмөсүн өткөрүүнү пландаштырууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

