Түнкү Бозокко саякат. Байыркы шаардын жанындагы тарыхый - маданий
музей-корукта ушундай аталыштагы фестиваль уюштурулду. Эскерте кетсек, ал
Борбордук Казакстандын орто кылымдагы биринчи масштабдуу эстелиги болгон.
Маданий иш-чара эл аралык музей күнүн утурлай өттү. Бул жерде коноктор Бозокто
болгон байыркы ырым-жырымдар тууралуу көбүрөөк биле алышты. Алардын
бири-оорудан жана кырсыктан от менен тазалоо. Окумуштуулардын айтымында,
мунара-порталдардын жанында от жагуу өзгөчө мааниге ээ болгон. Алар Улуу Жибек
Жолунда жайгашкан Бозоктун кире беришинде орун алган.
Марал Хабдулина, К. Акишев атындагы илимий изилдөө институтунун археология
мүдүрү:
- Адатта, жай мезгилинде биз казуу иштерин жүргүзүп, археологиялык жерди изилдей баштайбыз. Кире бериштеги дубалдарга от жагуу маанилүү окуя. Мындай дарбазалар орто кылымдагы шаарлар үчүн көрүнүктүү объект болгон. Себеби Дарбаза кербен жолу, кербен багыты. Башкача айтканда, бул дарбаза аркылуу кербен шаарга кирген. Ар бир порталдын өз аталышы бар. Түндүк дарбазасы "Сарыарка", түштүгү "Дешти - Кыпчак" деп аталат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

