Астанада Казакстандын космос тармагынын өнүгүүсүнө арналган көргөзмө өтүүдө

Астанада Казакстандын космос тармагынын өнүгүүсүнө арналган көргөзмө өтүүдө

Адамзаттын космосту багындыруусу ушул легендарлуу фразадан башталган. Мындан 65 жыл мурда Байконур космодромунан Юрий Гагарин түшкөн ракета учурулган. Астанадагы Президенттик борбордо мааракелик датага арналган көргөзмө ачылды. Экспозицияда 30га жакын уникалдуу музей экспонаттары жана 60тан ашык архивдик материалдар коюлган. Алар аркылуу адамзаттын Ааламды өздөштүрүүдөгү алгачкы кадамынан тартып, Казакстандын заманбап космос тармагынын өнүгүшүнө чейин байкоого болот. Экспонаттардын арасында жергиликтүү космонавттарга таандык буюмдар бар. Мисалы, Токтар Аубакировдун мээлейи, ал эми Байконур жери салынган капсуланы Талгат Мусабаев өзү менен учууга алып кеткен, Айдын Аимбетов менен Эл аралык космос станциясына мамлекеттик туу барган. Экспозициядан өлкөдөгү космос тармагынын өнүгүү жолу тууралуу адабияттарды көрүүгө болот. Муну менен катар иш-чарада жергиликтүү космонавттардын Жерден тышкары жүргүзгөн илимий изилдөө долбоорлоруна өзгөчө орун берилген.

Жибек Жузенова, Казакстан Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын экспозицияларды жана көргөзмөлөрдү уюштуруу кызматынын жетекчиси:

– Көргөзмөнүн максаты - тарыхый космос чөйрөсүнүн өнүгүшүн жана байланышын, адамдын космоско биринчи учуу учурунан баштап бүгүнкү күнгө чейинки өнүгүшүн байкоо жана пропагандалоо, ошондой эле заманбап кеңири коомчулуктун инновациялык өнүгүүсүнүн бир бөлүгү катары казак жергесинен космоско учкан биринчи космостук турист жөнүндө материалдарды тартуулоо болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков