Түндүк Казакстан аймагынын тургуну 200дөн ашуун түрдүү музыкалык аспаптарды чогулткан. Азыр Юрий Бакай фондунда домбра, гитара, скрипка, балалайка, флейта, ксилофон сыяктуу үйлөмө, урма аспаптардын түрлөрү сакталып турат. Алардын катарлары жыл сайын толукталып турат. Аспаптарды табуу үчүн ата мекендик коллекционер өлкө боюнча саякаттап, атүгүл чет өлкөлөргө көп саякаттайт. Уникалдуу экспонаттардын арасында ар кандай тарыхый мезгилдерди башынан өткөргөн жана өткөндү баяндаган өзгөчө баалуу экспонаттар көп. Алардын бири-экинчи дүйнөлүк согуштун күбөсү, оор мезгилдерде ырга кошкон мына бул аккардион. Аны ардагер агасы белекке берген. Музыкант өз калыбындагыдай сакталган эски аспап дагы эле табында экенин айтат.
Юрий Бакай, коллекционер:
- Бул аккардионду Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан Подлобко Илья Васильевич өзү менен бирге ала келген. Мага мурас катары буйруду. Мына бул жерде жоокердин куру бар. Эски болгондуктан аспаптын тешилген жерлери жамлаган. Эң негизгиси, үнү жакшы угулат.
Муну менен катар элеттик балдар ансамблине жетекчилик кылат. Таланттуу балдар баянда гана эмес, башка аспаптарда да ойношот. Азыр искусство жамааты чет элдик сынактарга катышууга камданууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

