Казакстанга ШКУ саммитине катышуу үчүн жогорку даражалауу коноктор келүүдө

Казакстанга ШКУ саммитине катышуу үчүн жогорку даражалауу коноктор келүүдө

Саммитке катышуу үчүн Казакстандын борборуна жогорку даражалуу коноктор келүүдө. Иш-чарага мамлекет жана өкмөт башчылары, байкоочу жана диалог боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн лидерлери, ошондой эле бир катар ири эл аралык уюмдардын жетекчилери катышат. Орусия, Монголия, Азербайжан президенттери, Пакистандын премьер-министри жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Астанага учуп келишти. ШКУнун баш катчысы Чжан Мин да борборго келди. Белгилей кетсек, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 24-отурумунда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков