Президенттердин жолугушуусу: 9 документке кол коюлду

Президенттердин жолугушуусу: 9 документке кол коюлду

Ирандын президенти Астанага расмий сапар менен келди. Акордада мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Масуд Пезешкианды тосуп алды. Урматтуу меймандын сапарына карата салтанаттуу кабыл алуу залында ардактуу кароол тизилип, президенттик оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды. Кийин өлкө лидерлери чакан жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Мамлекет башчысы Иран - Казакстандын соода-экономика тармагындагы өтө маанилүү өнөктөшү экенин белгиледи. Быйылкы 10 айда эле көрсөткүчтөр былтыркыга салыштырмалуу 40%га өстү.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Жакынкы убакта бул көрсөткүчтү жогорулатууга макулдаштык. Буга мүмкүнчүлүгүбүз толук жетет. Инвестиция – узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн кепили. Казакстанда 700гө жакын Иран компаниясы бар. Бул компаниялар негизинен өнөр жай, инфраструктура, айыл чарбачылыгы тармактарында иштейт. Казакстандын ишкердик коомчулугу да Иран экономикасына инвестиция салууда. Ишкерлерибиз тоо-кен, транспорт-логистика, азык-түлүк өндүрүшүнө байланыштуу түрдүү долбоорлорду ишке ашырып жатат.


Казакстан менен Ирандын транспорттук-логистика тармагындагы өз ара байланышын күчөтүүнүн мүмкүнчүлүгү чоң. Касым-Жомарт Токаев өлкөлөрдүн стратегиялык жактан ыңгайлуу жерде жайгашканын натыйжалуу пайдалануу керек дегенди белгиледи. Мисалы, азыркы учурда Европа менен Кытайдын ортосунда кургактык аркылуу ташылган жүктүн болжол менен 85% Казакстан аркылуу өтөт. Буга байланыштуу Түндүк – Түштүк транспорттук коридорун жана Казакстан – Түркмөнстан – Иран темир жол багытын өнүктүрүүнүн мааниси өзгөчө. Үстүбүздөгү жылдын башынан бери аталган багыттар аркылуу ташуу көлөмү 53%га арткан.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Бул эки өлкөнүн кызыкчылыгына төп келген маанилүү долбоор. Казакстан темир жолдорду жаңылоо, транспорт жолдорун куруу, ошондой эле Каспий деңизи аркылуу өтүүчү кеме каттамын жандандыруу жумушун колго алды. Иран инвесторлорун ушул демилгелерге катышууга чакырдык. Кызыгуусун билдирген жеке сектор өкүлдөрүнө атайын сунуштарды даярдап, ыңгайлуу шарт түзүүгө даярбыз. Биз Иранды Түштүк Чыгыш Азияга жана Африка кургактыгына чыга турган «дарбаза» катары карайбыз.


Айыл чарба кызматташтыктын маанилүү тармактарынын бири. Былтыр Казакстандан Иран базарына 500 миң тоннадан ашык арпа жеткирилди. Анын көлөмүн бир нече эсе көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк бар. Өлкө Ислам Республикасына жалпы наркы 200 млн долларлык товар ташууга даяр. Мындан тышкары, сүйлөшүүдө айыл чарба, энергетика, тоо-кен, санариптештирүү жана жасалма интеллект тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө көңүл бурулду. Президенттер аймактар аралык жана маданий-гуманитардык байланыштар дайыма эки өлкөнүн карым-катнашынын алтын көпүрөсү экенине токтолушту.

Масуд Пезешкиан, Иран Ислам Республикасынын Президенти:

- Сиздердин өлкө менен кызматташуу биз үчүн абдан маанилүү. Өкмөттөр аралык, мекемелер аралык интеграция жолго коюлган. Көптөгөн эл аралык жана аймактык маселелер боюнча эки мамлекеттин позициясы окшош. ЕАЭБ, ШКУ, Ислам кызматташтык уюмунун алкагында тыгыз аракеттенебиз.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар биргелешкен билдирүү кабыл алып, 9 документке кол койду. Анын ичинде Казакстан Президентинин Телерадиокомплекси менен Иран радиокабар таратуу жана теле-көрсөтүү уюму ортосундагы  кызматташтык тууралуу меморандум бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков