Президент Касым-Жомарт Токаев V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн атайын келген Саха Республикасынын башчысы Айсен Николаевди кабыл алды. Тараптар аймактар аралык кызматташтыкты бекемдөө жана эки тараптуу мамилелерди кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Мамлекет башчысы Саха Республикасы менен өнөр жай, соода, IT сектор, айыл чарба жана тоо-кен өнөр жайы сыяктуу түрдүү тармактарда кызматташууну бекемдөөгө олуттуу мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи. Өз кезегинде Айсен Николаев келечектүү багыттар боюнча биргелешип иштөөгө даяр экенин билдирди.
Ошондой эле, Мамлекет башчысы Татарстандын раиси Рустам Миннихановду да кабыл алды. Казакстандын президенти унаа жасоо жана мунай-газ химиясы тармактарында биргелешкен долбоорлорду өз убагында сапаттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө токтолду. Рустам Минниханов Касым-Жомарт Токаевге бардык көчмөн цивилизацияларынын жалпылыгын көрсөткөн оюндарга чакырганы үчүн ыраазычылык билдирди.
Мамлекет башчысы Түркмөнстандын Элдик кеңешинин төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен да жолугушту. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, азыр казак-түркмөн мамилелери абдан ийгиликтүү өнүгүп жатат жана стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине толук жооп берет. Элдик кеңештин төрагасы өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы аброюн көтөрүүгө салым кошкон ири эл аралык жыйындарды уюштуруудагы Астананын ролун жогору баалап, масштабдуу спорттук иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүн каалады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков