Атырауда легендарлуу учкучтун элесине таазим кылышты

Атырауда легендарлуу учкучтун элесине таазим кылышты

Атырауда легендарлуу учкуч Хиуаз Доспанованын элесине арналган иш-чара өттү. Ал согуш учурундагы эрдиги менен атак-даңкка жеткен биринчи казак аял учкуч болгон. Доспанова фронтко ыктыярчы болуп, 46-гвардиялык Таман аялдар авиациялык полкунда кызмат өтөгөн. Ал Түндүк Кавказды, Украинаны, Беларусту, Польшаны жана Германияны бошотууга катышкан. Эки жолу оор жарадар болгонуна карабастан, ал кызматка кайтып келип, Жеңиш күнүн Берлинде белгилеп, көптөгөн аскердик ордендер жана медалдар менен сыйланган. 2004-жылы ага «Эл Баатыры» наамы ыйгарылган.

Турсын Калимова, журналист, коомдук ишмер:

Ал атактуу Марина Раскованын авиациялык полкуна кабыл алынып, 300дөн ашык согуштук учууга катышкан. Ал 14 жолу учак кырсыгынан жаракат алган. 2019-жылдын аяк оона айынын 16да Атыраудагы аэропорт имаратынын алдында Хиуаз Доспанованын эстелиги ачылган. Ал эми 2020-жылдын жалган куран айынын 19да Атырау эл аралык аэропортуна анын ысымы ыйгарылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков