Казакстанда синдикаттык насыя берүүгө чет элдик банктар катышуусу мүмкүн. Бул жаатта ата мекендик долбоорлорду каржылоого чет элдик банктарды тартуу пландалууда. Мындай насыянын катышуучуларынын курамы резидент эместери жана «Астана» эл аралык каржы борборунун банктары менен толукталат. Башкача айтканда, өлкөгө кошумча инвестиция тартуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү пайда болот. Сенатта карыз алуучулардын укуктарын коргоо жана каржы рыногун жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоору каралды. Бул документте кибер алдамчылыкка каршы чараларды күчөтүү да эске алынган. Эми насыяны электрондук түрдө тариздөөдө биометрикалык идентификация процедурасын милдеттүү түрдө жүргүзүү керек. Жаңы микро каржы омбудсмендин институту ишке киргизилет. Ал эми жарандардын мөөнөтү өтүп кеткен насыялары 90 күндөн ашса жана алардын жубайынын макулдугусуз насыя берүүгө тыюу салынат. Талкууда сенаторлор мыйзамга бир катар түзөтүүлөрдү киргизип, аны кайра Мажилиске жөнөтүү чечимине келишти.
Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:
– Алар каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү боюнча агенттиктин ишмердүүлүгүн тактоого, синдикативдүү насыялык келишимдин өзгөчөлүктөрүн белгилөөгө, ошондой эле аскер кызматкерлеринин насыя боюнча кызыкчылыктарын кошумча коргоого багытталган. Жалпысынан бул мыйзамда каралган чаралар жарандарыбыздын укуктарын натыйжалуу коргоого, каржылык сабаттуулукту жогорулатууга оң таасирин тийгизет деп ойлойбуз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков