Казакстан буудайы Египет менен Араб мамлекеттерине экспорттолот

Казакстан буудайы Египет менен Араб мамлекеттерине экспорттолот

Казакстан буудайы эми Египет жана Араб өлкөлөрүнө экспорттолот. Бул тууралуу айыл чарба министри Айдарбек Сапаров билдирди. Министрдин айтымында, азыр жаңы базарлар ачылып жатат. Ал эми кампада буудай көп дейт ал. Кор болжол менен 20 миллион тоннаны түзөт. Бүгүнкү күндө 5 миллион тоннага жакын өнүм чет өлкөлөргө жөнөтүлдү.

Айдарбек Сапаров, Айыл чарба министри:

- Жаңы рыноктор ачылып жатат, биз азыр Орусия жана Балтика өлкөлөрү аркылуу экспорттоп жатабыз. Мындан тышкары, Египет, Араб мамлекеттери үчүн жаңы базар ачууну пландап жатабыз. Ал жакка келишим боюнча бирдин айынын 17де жумушчу сапар менен барабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков