ТИМ Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Казакстандын позициясын жарыялады

ТИМ Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Казакстандын позициясын жарыялады

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды турукташтыруу демилгесине байланыштуу билдирүү таратты. Мекеменин маалыматына ылайык, Казакстан Израил менен ХАМАСтын ортосундагы ок атышууну токтотуу, барымтадагыларды бошотуу, гуманитардык жардам көрсөтүү, ошондой эле эл аралык коомчулуктун колдоосу менен Газа секторун калыбына келтирүүгө багытталган негизги жоболордон турган тынчтык демилгесин кубаттайт.

Буга кошумча узакка созулган жаңжалдын жалгыз чечими катары «эки эл үчүн эки мамлекет» формуласы негизинде борбору Чыгыш Иерусалим болгон Палестина мамлекетин түзүү тууралуу Казакстандын бекем позициясын ырастайбыз – деп айтылат маалымдамада.

Которгон: Илгиз Жамалбеков