Кытайдын эң ири CGTN телеканалынын алдыңкы адистеринин тренингдери жана мастер-класстары Казакстандын борборунда башталды. «CMG Media Week 2026» Maqsut Narikbayev University эл аралык журналистика мектебинде өтүүдө. Бир билим берүү аянтчасында казакстандык жана кытайлык медиа серепчилер биригишти. Студенттер эл аралык стандарттагы кабарчылык көндүмдөрүн өздөштүрүп, мультимедиялык контент даярдоонун сырларын үйрөнүүдө. Ошондой эле, алар реалдуу журналисттик кейстер менен иштеп, өз долбоорлорун коргоого мүмкүнчүлүк алышты. Иш-чара Казакстан Президентинин Телерадиокомплекси менен «China Media Group» медиахолдингинин ортосундагы меморандумдун алкагында уюштурулган. Эске сала кетсек, кызматташтык келишимине былтыр Кытай Эл Республикасынын Төрагасынын Казакстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө кол коюлган.
Юнфей Джао, CGTN Кабарчысы:
– CGTN жаңылык журналистикасынан жана даректүү тасмалардан тартып репортаждар менен автордук материалдарга чейин ар кандай тармактарда жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүккө ээ. Биз бул тажрыйбаны казакстандык студенттерге жеткирүүнү каалайбыз, анткени биздин өлкөлөр жакын өнөктөш болуп саналат. Бул кызматташтыкты маанилүү деп эсептейбиз.
Кытайлык талдоочулар Казакстанда жасалма интеллектти
киргизүүнүн, анын ичинде телеберүү тармагында да жогорку деңгээлде экенин
белгилешти. Кабарчы Юнфей Джаонун айтымында, Кытайдын медиаиндустриясында AI
жаңылык журналистикасында жана программаларды өндүрүүдө активдүү колдонулууда.
Бул технологиялардын жогорку эффективдүүлүгү жана тактыгы аркылуу жаңы
мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бирок, ал жасалма интеллектти колдонууда тең
салмактуулукту сактоо маанилүү экенин баса белгиледи.
Юнфей Джао, CGTN Кабарчысы:
– Биз жасалма интеллект журналистикага каршы деп эсептебейбиз. Бир жагынан алганда, ал белгилүү бир көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн, бирок экинчи жагынан - жаңы келечектерди ачып, иштин натыйжалуулугун бир топ жогорулатат. Мисалы, мурда изилдөө жүргүзүү көп убакытты алчу. Бүгүнкү күндө жасалма интеллекттин жардамы менен бул процессти бир топ тездетүүгө, керектүү маалыматты жана контентти тез табууга болот. Бул адамдарга тезирээк жана натыйжалуу үйрөнүүгө жардам берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

