Улытау облусунда өнөр жай деңгээлинин 7 пайызга өсүшү байкалууда. Бүгүнкү көрсөткүч боюнча аймак өлкөдө төртүнчү орунда турат. Премьер-министр региондогу иш сапары учурунда мамлекеттик органдарга жана бизнеске темпти төмөндөтпөөнү жана бул үчүн колдо болгон резервдерди пайдаланууну тапшырды. Олжас Бектенов Жыланды кенине барды. Бул жерде министрлер кабинетинин башчысына казакмыстын өлкө ичиндеги баалуулукту өнүктүрүү боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат берилди. Алсак, жарым жыл ичинде ата мекендик жеткирүүчүлөрдөн корпорация тарабынан 93 млрд теңгеге товар, жумуш жана кызмат көрсөтүүлөр сатылып алынган. Жергиликтүү ишкерлер менен 28 миллиард теңгеге офтейк келишими түзүлгөн.
Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:
- Мамлекет
башчысы Казакстан элине жасаган кайрылуусунда өлкөнүн тоо-кен жана
металлургиялык комплексин өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген. Артыкчылыктуу
милдеттердин катарында жеке ишканаларды геологиялык чалгындоого,
инвестициялоого түрткү берүү тапшырылган. Бул нерсе
өсүш үчүн колдо болгон резервдерди белгилөө маанилүү. Муну менен биз глобалдык
экономикада фундаменталдуу жылыштар болуп жатканын, технологиялык жарыш күч
алып, ресурстар үчүн атаандаштык күчөп баратканын көрүп жатабыз. Ошондуктан,
биздин өндүрүш тармактары үчүн чийки зат запастарын көбөйтүү үчүн бардык
күч-аракетибизди жумшашыбыз керек.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков