Казакстан Сенаты Кытай менен транспорт тууралуу келишимди бекитти

Казакстан менен Кытайда логистикалык борборлорду өнүктүрүү. Бул Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту боюнча жүк ташуунун кошумча көлөмүн тартууга мүмкүндүк берет. Бүгүн Сенатта депутаттар коридорду өнүктүрүү боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимди ратификациялашты. Документ автоунаа, темир жол жана деңиз транспортун натыйжалуу пайдаланууга жана жүктөрдү ташуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет. Кытай менен дагы бир ратификацияланган макулдашуу Кытай жана Европанын ортосундагы контейнердик поезддер жагынан Орто коридорду өнүктүрүүгө да тиешелүү. Ал Транскаспий багыты боюнча жүк ташуулардын жылдык көлөмүн болжолдоону камтыйт. Бул эки өлкөнүн ортосундагы транспорттук операциялардын туруктуу системасын түзөт. Ошондой эле, келишим маалымат алмашуу жана эки өлкөнүн аймагындагы поезддердин жүрүшүнө көз салуу аркылуу транспорттун коопсуздугун жогорулатат.

 

Андрей Лукин, Парламент сенатынын депутаты:

 

-2023-жылы Транскаспий багыты боюнча контейнердик ташуулардын көлөмү 20,5 миң жыйырма фут эквивалентти түзгөн. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын төрт айынын жыйынтыгы менен бул каттамдагы контейнердик жүк ташуу өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 70%га өстү. Бул олуттуу өсүш эл аралык транспорттук жана логистикалык чынжырлардагы аталган каттамдын ролунун өсүп жатканын көрсөтүп, аталган макулдашуунун актуалдуулугун жогорулатат.

 

Дагы бир келишим Казакстан менен Кытайдын ортосундагы автотранспорт үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Анда айдоочуларга жана транспортко карата талаптар, ошондой эле камсыздандыруу, салык салуу, өткөрүү пункттарындагы көзөмөл маселелери жөнгө салынат. Эң негизгиси, документ мамлекеттердин аймактарына терең баруу мүмкүнчүлүгүн караган нормаларды жөнгө салат. Ушундай жол менен Казакстандын автотранспортчулары Кытайдын ири шаарларына жана эл аралык деңиз портторуна жете алышат. Ошондой эле, парламент Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн ортосундагы эл аралык аралаш жүк ташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялады. Бардык документтер мамлекет башчыга кол коюуга жөнөтүлдү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков