Казакстанга келген чет элдик туристтердин саны үч эсеге артты

Казакстанга келген чет элдик туристтердин саны үч эсеге артты

2023-жылдын жай айынын башынан бери Казакстанга 250 миңден ашуун чет өлкөлүк келген. Маданият жана спорт министрлигинин маалыматы боюнча, бул 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу үч эсеге көп. Өткөн жылы өлкөгө 77 миңден ашык чет элдик мейман келген.

Ернур Кенжебеков, «KAZAKH TOURISM» УК басма сөз катчысы:

E-konak маалымат системасынын маалыматы боюнча жайдын башынан теке айынын 23нө чейин КМШ өлкөлөрүнөн келген туристтердин саны 180 миң адамды же алардын жалпы санынын 72%ын түздү. Кызыгы, былтыр бул көрсөткүч 77%ды түзгөн. Башкача айтканда, алыскы чет өлкөлөрдөн келген туристтердин саны көбөйүүдө. Маселен, Моңголиядан келген туристтердин саны 11,6 эсеге - 489дан 5,5 миңге, Кытайдан - 8,5 эсеге - 2 миңден 18 миңге чейин, Индиядан - 4,7 эсеге,  Түштүк Кореядан жана Ирандан - 3,8  жана Германиядан 3 эсеге, ал эми АКШдан 2,2 эсеге арткан.

Туристтердин тандоосу негизинен Алматы, Астана, Алматы жана Маңгыстау облустарына туура келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков