Шахтадагы адам өмүрүн алган кырсык: Дүйнө эли көңүл айтууда

Шахтадагы адам өмүрүн алган кырсык: Дүйнө эли көңүл айтууда

Касым-Жомарт Токаевге Караганды облусундагы көмүр шахтасында көптөгөн адамдардын өмүрүн алган кырсыкка байланыштуу чет мамлекеттердин башчыларынан жана эл аралык уюмдардын жетекчилеринен көңүл айтуу телеграммалары менен телефон чалуулар келип түшүүдө. Кырсыктын кесепетинен 45 адам каза тапты. Бир адам изделүүдө. Казакстанда тогуздун айынын 29у улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды. Түркия, Өзбекстан, Кыргызстан, Орусия, Франция, БАЭ, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Беларусь, Тажикстан президенттери, Дубай эмири, Армениянын премьер-министри, ДССУ, БУУнун миграция боюнча Эл аралык уюмдарынын башкы мүдүрү, ТҮРКСОЙ, ШКУ, Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчылары каза болгон кенчилердин туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишине тилектештигин билдиришти.

Айта кетсек, өрт тогуздун айынын 28не караган түнү шахтадагы метан газынын жарылуусунан улам чыккан. Өзгөчө кырдаал учурунда шахтада 252 адам болгон, 206 кенчи сыртка чыгарылган. Башкы прокуратура жарылууга байланыштуу Тоо-кен же курулуш иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу беренеси боюнча сотко чейинки иликтөө иштерин баштады.

Мамлекет башчысы кырсык болгон жерге дароо барып, каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындары менен жолугушту. Аларга ар тараптуу жардам көрсөтүлөрүн белгилеп, көңүл айтты. Президент «АрселорМиттал Темиртау» компаниясы менен инвестициялык кызматташууну токтотууну тапшырды. Касым-Жомарт Токаев кырсыктарды жоюу боюнча чукул штабдын жыйынын өткөрүп, бардык керектүү каражаттарды тартуу менен издөө-куткаруу иштерин күчөтүлгөн режимде улантууну тапшырды.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Өкмөткө жана акимчиликке ар тараптуу жардам көрсөтүүнү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тийиштүү түзүмдөр менен биргеликте кырсыктын кесепеттерин жоюуну жана кенчилерди куткаруу боюнча бардык чараларды көрүүнү тапшырам. Ички иштер министрлиги каза болгондордун үй-бүлөлөрү менен иш алып баруусу керек. Өкмөттүк комиссияга жарандардын өлүмүнө алып келген өрттүн жагдайларын иликтөөнү, бардык күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырам.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков