Шымкентте эл аралык көгүчкөндөр фестивалы өттү

Шымкентте эл аралык көгүчкөндөр фестивалы өттү

Шымкентте «Тынчтыктын символуна» арналган көгүчкөндөрдүн эл аралык фестивалы өттү. Иш-чарада 2 миңге жакын көгүчкөн көпчүлүктүн назарына сунушталды. Быйыл Казакстандан сырткары Кыргызстан, Өзбекстан, Орусиядан көгүчкөн багуучулар келип, «мыкты багуучу» наамы үчүн ат салышты. Мындай өзгөчө сынакта калыстар тобу канаттуулардын сырткы көрүнүшүн гана эмес, учуу эстетикасын да эске алышкан. Уюштуруучулар эл аралык фестивалдын түштүк мегаполисинде өткөрүлүшү бекеринен эмес экенин айтышат. Себеби, бүгүнкү күндө аталган канаттууларды багып алгандар көбөйдү. Жалпысынан казак селекционерлеринде көгүчкөндөрдүн 15ке жакын түрү бар, алардын жалпы саны 26 миңге жетет.

 

Багдат Амзебек, биолог-экскурсия жетекчиси:

 

Көргөзмөнүн максаты көгүчкөн багуучуларды даңазалоо. Биздин негизги максатыбыз алардын өзгөчө түрлөрүн шаар тургундарына жана конокторуна көрсөтүү. Келечекте бул көгүчкөндөрдүн көргөзмөсүн жыл сайын өткөрүүнү көздөп жатабыз. Ар жылда иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрөлү деген ниетибиз бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков