БШК 25 чет элдик байкоочуну аккредитациялады

БШК 25 чет элдик байкоочуну аккредитациялады

Алардын бири Палестинадан, 11и КМШга мүчө-мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынан, калгандары Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунан. Эске сала кетсек, кезексиз парламенттик шайлоо жалган куран айынын 19 да өтөт.

Нурлан Абдиров, БШК төрагасы:

- Бир катар чет өлкөлөрдөн жана эл аралык уюмдардан аккредитациялоо боюнча сунуштар келип түшүүдө. Бул сунуштардын негизинде Тышкы иштер министрлигинин сунушу менен аккредитациялоо процедурасы ишке ашырылууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков