Туристтер космоско Байкоңурдан учат

Туристтер космоско Байкоңурдан учат

Байкоңур космостук туристтерди өзүнө тартууда. Бештин айынын 8де Жапониянын эки жараны жана орусиялык космонавт Александр Мисуркин Эл аралык космос станциясына жөнөп кетишет. Экипаж космодромго келди. Эми алар белгиленген күнгө чейин даярдыктарын улантышат. Белгилей кетсек, команданы даярдоого үч жумадай убакыт кетет. Бүгүнкү күнгө чейин алар борттогу документтер менен таанышып, системаларды сынап көрүштү. Космостук туристтер эл аралык станцияда 12 күн болушат.

Александр Мисуркин, космонавт:

- Биз кийимдерди кийип көрүп, кемени карап чыктык. Бардык башкаруу системаларын текшерип, өзүбүздү кемедеги кырдаалга үйрөтүп жатабыз.

Белгилей кетсек, космостук станцияга космонавттар акыркы жолу 2009-жылы тогуздун айында саякатташкан. Анда жалпы 7 турист болгон.

Которгон: Илгиз Жамалбеков