Казакстанга чет элдик түз инвестициялардын агымы соңку 10 жылда рекорддук чекке жетти

Казакстанга чет элдик түз инвестициялардын агымы соңку 10 жылда рекорддук чекке жетти

Бул 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик 18%га көп. Көрсөткүч акыркы 10 жылда рекорддук чекке жеткенин өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди. Инвестициялардын эң көп көлөмү Нидерландия, АКШ, Швейцария, Бельгия, Орусия, Түштүк Корея жана Кытайга таандык. Францияда, Улуу Британияда жана Германияда бул көрсөткүч бир аз төмөн. Аталган мамлекеттер капиталды негизинен тоо-кен казып алуу жана кайра иштетүү өнөр жайына, дүң жана чекене соодага, кесиптик, илимий-техникалык ишмердүүлүккө, транспортко жана сактоого салышкан. Ал эми аймактарга келсек, каражаттын басымдуу бөлүгү Алматы жана Астана шаарларына, ошондой эле Атырау жана Чыгыш Казакстан облустарына багытталган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков