Кытайдан Казакстанга инвестиция агымы артып келүүдө. Кытай Эл Республикасынын ири конгломераты Астанада беш жылдыздуу мейманкана, коммерциялык комплекстер, унаа токтотуучу жайлар жана башка ири объектилердин курулушуна инвестиция салууга кызыкдар. Муну менен катар казак тарап инвесторлорго өлкөнүн ири шаарларында, Актөбе, Шымкент, Өскемен, Костанай жана Кызылордада заманбап соода жана оюн-зоок борборлорун куруу маселесин карап чыгууну сунуштады. Мындан тышкары, Кытай тарап республикада фармацевтикалык фабриканын курулушун баштоону мерчемдеп жатат. Ошондой эле, чет элдик ишкерлер текстиль буюмдарынын технологияларын түзүүгө, текстиль кластерин өнүктүрүүгө инвестиция салууга кызыгуу арттырууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков