Казакстан чет элдик ишкерлерге инвестордук виза киргизет

Казакстан чет элдик ишкерлерге инвестордук виза киргизет

Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин негизги талабы – инвестициянын көлөмү 300 миң доллардан кем эмес болушу керек. Ага чейин чет элдик ишкерлерге жашоого уруксат алуу укугу менен 10 жылга виза алуу мүмкүнчүлүгү берилери айтылган. Белгилей кетсек, биринчи кезекте, Казакстандын экономикасына иштеп жаткан ишканалардын негизги капиталына инвестициялар, жогорку кирешелүү өнүмдөрдүн өнөр жай өндүрүшүн түзүү, жаңы технологияларды жана кызматтарды көрсөтүү, башкача айтканда, мультипликативдик таасирин тийгизген инвестициялар эске алынат. Буга кошумча этникалык казактардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу көздөлүп жатат.

Назгүл Сагындыкова, Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо вице-министринин милдетин аткаруучу:

- Чет жерде жүргөн туугандардын тарыхый мекени менен тыгыз байланышта болуу, алардын ийгиликтүү бизнес иштерин жүзөгө ашыруу максатында “Ата Жолу” картасын киргизүү сунушталды. Бул картанын ээлери жеңилдетилген виза жана 10 жылга чейин убактылуу жашоо укугуна ээ болушат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков