Жыл башынан бери бирдиктүү топтоо пенсиялык фондуна чегерүүчүлөрдүн саны 6 миңге кыскарды. Чет өлкөгө көчүп кеткен казакстандыктар 17 миллиард теңгеге жакын акчасын чыгарып кетишти. Өткөн жылдын биринчи жарымында бул сумма 10 жарым миллиард теңгеге жакын болгон. Бул аралыкта көчүп кеткендердин саны 2000ге көбөйгөн. Жалпысынан өлкөдө жарандардын пенсиялык активдери 13 триллион теңгеге чейин азайган. Инвестициялык киреше болжол менен 137 миллиард теңгени түздү. Улуттук банктын ишенимдүү башкаруусунда 12,9 триллион теңге бар. Анткен менен серепчилер пенсиялык активдердин инфляциялык кирешеси рыноктун туруксуздугунан улам төмөндөп кеткенин айтышууда. Биринчи насыя бюросу тараткан маалыматка таянсак, акыркы 4 айда киреше 0,88%га, инфляция 7,2%га өскөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков