Казакстандык стартап Кремний өрөөнүнүн алдыңкы 10 долбоорунун катарына кирди

Казакстандык стартап Кремний өрөөнүнүн алдыңкы 10 долбоорунун катарына кирди

Казакстандык долбоорлор Кремний өрөөнүн багындырууну улантууда. Бул жолу мыкты ондукка TrustMe аттуу IT өнүм кирди. Бул платформа бир нече секунданын ичинде SMS, мессенджерлер жана биометрикалык идентификация аркылуу келишимдерди түзүүгө мүмкүндүк берет. Документтер блокчейн тутумунда сакталат. Бул алардын жасалмаланышына жол бербейт. Белгилей кетсек, 850 миңден ашык колдонуучусу бар атамекендик долбоордун алкагында 1 миллиондон ашык келишим түзүлгөн. Кийинки максат - Орусия, Түркия, АКШ жана Перс булуңундагы өлкөлөрдүн базарларына чыгуу. Мындан тышкары, стартап 1 миллиард долларга бааланган Казакстандын биринчи долбоору болууну көздөп жатат.

Шыңгыс Даулетбаев, долбоор жетекчиси:

- Биздин система дүйнө жүзү боюнча теңдешсиз. Анткени биз смарт-технологиясы аркылуу каалаган келишимди автоматташтыра алабыз. Биздин чечимдин жөнөкөйлүгү жана ишенимдүүлүгү аны глобалдык деңгээлде кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Бүгүнкү күндө 150дөн ашуун өлкө биз иштеп чыккан электрондук санариптик кол тамганы тааныды. Жыл ичинде биз 1 млрд доллардан ашык чекти багындырган биринчи компания аталабыз деген ойдомун. Биздин долбоордун мисалында Тим Дрейпер гана эмес, башка да ири инвестициялык фонддор өлкөбүздөгү жаңы демилгелерге инвестиция салууга кызыкдар болушат.

Белгилей кетсек, 2029-жылга чейин Казакстан бул чекти багындырган 5-атамекендик компания түзүп, IT-экспортуту 5 млрд долларга жеткирүүнү көздөөдө. Мындан тышкары, жыл сайын экономиканын ар кайсы тармактарында кеминде 25 нейрон тармагынын өнүмдөрүн ишке киргизүү мерчемделүүдө. Бул максаттар жасалма интеллектти өнүктүрүү концепциясында камтылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков