Казакстанда 60тан ашык илимий долбоор каржыланды

Казакстанда 60тан ашык илимий долбоор каржыланды

Казакстанда саламаттыкты сактоо, билим берүү, геологиялык чалгындоо, өндүрүш, туризм жана башка тармактардагы долбоорлор каржыланат. Республикада новаторлор жана илимий уюмдарынын катышуусу менен мыкты илимий долбоорлор сынагы башталды. Мелдештин жалпы байге фонду 18 миллиард теңгени түзөт. Анда 60тан ашык мыкты эмгектер тандалып алынаары пландалууда.

Сынактын шарттарына ылайык иштеп чыгуу үч жылдын ичинде бүткөрүлүп, ишке киргизилиши зарыл жана кошумча каржылоо гранттын суммасы 20%ды түзүшү керек. Илимий сынакка катышуучу командадагы адамдардын саны 5тен ашпоого тийиш. Катышуу үчүн билдирмелер is.ncste.kz автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу кабыл алынат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков