Өткөн жылы республикадан 84 миллиард доллардан ашык товар жеткирилген. Ranking.kz рейтингине ылайык, бул көрсөткүч акыркы 10 жылда биринчи жолу 40%га өстү. Кытай менен Орусия өткөн жылы Казакстандын алдыңкы соода өнөктөштөрүнүн бири болду. Бул тизмеге Италия, Түркия жана Түштүк Корея да кирди. Казакстан жаңы рынокторду өздөштүрүү менен чектелбестен, товарлардын түрлөрүн көбөйтүп, соодалай баштады. Мисалы, өсүмдүк жана тоң майларына, балык өндүрүшүнө экспорттун көлөмү бир кыйла өстү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков